Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте бир адам поезд алдында калып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсык тууралуу маалымат аталган кызматка эртең мененки 08:10до келип түшкөн.
"Бир саат мурун эркек кишини поезд Лев Толстой көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин бет маңдайынан сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, дарыгерлер тобу окуя болгон жерге чыгып кеткен. Тилекке каршы, алган жаракатынан улам ал адам каза болуп калды", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.