Чүй ОИИББи: "Маевкада бир нече автоунаа жана үйгө өрт коюлду"

16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында бир нече жерге өрт коюу болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өрт кырсыктары катталганы чындык. Маевка айылында бизге жеткен маалыматтар боюнча 3 унаа, 1 үй жана 1 соода-сатык кылуучу күркө күйгөн. Бул кылмышты канча адам жана кимдер жасап жаткандыгы тууралуу иликтөө жүрүп жатат. Учурда Аламүдүн РИИБинин ыкчам тобунун толук курамы окуя болгон аймакка жөнөп кетишти. Кененирээк, такталган маалыматты бир аздан кийин беребиз", - деп билдирди Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Нурбек Токтосунов.

Ошондой эле милиция кызматкерлери өрт коюп жүргөн адамды жабырлануучулардын сүрөттөп бериши боюнча психикалык жактан жабыркаган адам болушу мүмкүн деп болжошууда.

"Шектүү турак үйлөрдүн бирине келип, үйүн ача албай, эшигине өрт коюу аракетин жасап жатканда үй ээси, улгайган апа көрүп калып кыйкырыптыр. Аны байкап калган адам башын кармап алып бакырып качкан экен. Мындан улам бир нече жерге өрт коюп жүргөн адам психикалык жактан жабыркашы мүмкүн деп жатабыз. Бирок бул божомол гана", - деп кошумчалады Токтосунов.

1 түндө 3 автоунааны жана 1 турак үйдү өрттөгөн кылмышкер изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tenteeeshka
2017-10-17 11:00:28
Кудай сактай кор)эмне эле болуп жатат.?!
+3
Akyl78.1501
2017-10-17 11:32:36
Адилетсиз шайлоого карата болсо керек
-2
312kyrgyzstan
2017-10-17 12:19:47
Элди алаксытыш керек болуп жатат. О
+15
Dembele84
2017-10-17 12:21:30
Коро албастык же эки адамдын бири биринен оч алуусу деп ойлоп койдум.
+3
Aznazalai
2017-10-17 12:32:04
Очошкон бироо го.Бир нерсе болсо эле психикалык оорулу деп чыга келишет
+2
afina66
2017-10-17 15:22:55
Алаксытуу болуп атат
+3
Ibanurkb
2017-10-17 16:15:56
Мадумаровдун кишилери го
0
muslim87
2017-10-17 21:24:49
Ibanurkb,Мадумаровдун кишилери эмне үй өрттөгүч бекен. Менимче бул шайлоодон элдин көңүлүн башка жака буруу. Типа көк кит сыяктуу.
0
Chopika
2017-10-17 18:21:05
Элдин ойун башка жака буруу учун уюшулган бир нерсебии жеп ойлоп кеттим
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан