Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип кетип каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында болгон. Анда 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирип кеткен. Учурда 14 жаштагы кыздын эмне себептен мындай ишке барганы такталууда.
Айрым маалыматтар боюнча, маркум аталган шаардагы лицейдин биринде окучу. Ошондой эле анын ата-энеси чет жерде иштеп жүрүшкөнү айтылууда.