Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болду. Кырсык 23-октябрь күнү саат 15:30 чамаларында болгон.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, анда иштеп жаткан башка жумушчулар кырсык кандай болгонун көрбөй калышкан. Пресс бир топ эле кубаттуу. Ал бир учурда эле 500 килограмм чийки затты иштетип чыга алат. Кырсык учурунда ачуу кыйкырыкты угуп калып барышкан учурда Галбаевдин пресске кысылып калганын көрүшүп, аппаратты токтотуп, чыгарууга аракет кылышкан. Бирок аракеттен майнап чыккан эмес. Анын жансыз денесин саат 20:00дө чыгарышканда башы жана колу үзүлүп кеткенин көрүшкөн. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Галбаев кагазды түргөн зымга илинип калып, пресске кептелип калган болушу мүмкүн.
Куштарбек Галбаев аталган жайда 2017-жылдын жай айларынан бери иштеп келгени айтылды. "Эмгек инспекциясы ишкананын документтери менен таанышууда. Окуя тарткылык, кырсык катары бааланышы мүмкүн", - деп жазат орусиялык маалымат каражаттар.