Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу спикер бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Ушул жылы саясатка келгениме 7 жыл болду. Президент Алмазбек Атамбаевдин ишеничи менен партиянын жетекчиси, фракциянын лидери катары иштедим. Бир жарым жылдан бери позиция, оппозиция дебей Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп жатам. Партия эл алдына программа, идея менен келген. 7 жыл бардык программаны ишке ашыра тургандай убакыт эмес экен. Октябрь айында Жогорку Кеңешти 5 жылда өнүктүрүү программасын кабыл алганбыз.

Учурдагы кырдаалга карабастан эч бир комитетке, аппаратка саясий буйрук берген жокмун. Бул салт болсо Кыргыз мамлекетинде демократия бекемделет деп ишенем. Акыркы президенттик шайлоо башталганда башталган саясий температуранын түшүшү байкалып жатат. Температура түшүшү үчүн отставкага кетишим туура болот. Менин позициямды сыйлаган президентке, кесиптеш депутаттарга, өкмөткө, демократиянын өнүгүшүнө салым кошкон журналисттерге ыраазычылык билдирем. Мен кызматтан кете турган чечимди 24 саатта кабыл алдым", - деди Турсунбеков.

Турсунбеков саясаттан кетпей турганын кошумчалады.

Депутаттар спикер Турсунбеков менен кантип коштошту?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан