Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр болуп шайланды

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер министрлик кызматына Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Кенекеевдин талапкерлигин кароо боюнча добушка коюлуп, 91 эл өкүлү макул деп добуш берди. Ал эми каршы эч ким добуш берген жок. Айрым депутаттар жыйында премьер-министр Сапар Исаков бул боюнча өзү баяндама жасоосу керек экенин айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Дайыр Кенекеев 2 жарым жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан