Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 80 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Ал эми анын атаандашы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев 32 добушка ээ болду. Баарына каршы 5 добуш берилди. Шайлоо жашыруун өттү.

"Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Мен мамлекет, Кыргыз эли үчүн иштегенге убада берем. Бардык фракцияга тегиз мамиле жасоого сөз берем. Чоң ыраазычылык билдирем. Элибизде тынчтык, токчулук болсун", - деп кайрылды парламентке Жумабеков.

Айта кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кете турганын жарыялаган.

Жумабеков Дастан Артисбекович 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында туулган. Билими жогору. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анын өмүр баяны менен бул жактан таанышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан