Өзгөн районунда табигый кырсыктан улам жабыркагандарга жана кооптуу аймактарда жашагандарга курулуп жаткан үйлөрдүн 117синин пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ана-Кызыл участкасына кырсыктан кийин 241 үйдүн курулушу башталган. Учурда 117 үй-бүлө турак үйлөрүнүн пайдубалын бүтүрдү. Ал эми 75 үйдүн дубалы курулуп, 49 үйдүн чатыры жабылган.
"Ана-Кызыл участкасында 26 миллион 430 миң сомго биринчи этап менен 70 метр тереңдиктен ичүүчү таза суу чыгарылып берилген. 34 даана электр мамычасы орнотулуп, 400 киловатт кубаттуулуктагы трансформатор коюлган. Айылда болжолдуу сметалык баасы 56 миллион сомдук 275 орундуу мектептин курулушу башталган. Жол салуу жана шагыл төшөө жумуштарына 2 миллион сом акча каражаты жумшалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, ушул жылдын 29-апрелинде эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган.