Талас шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө нааразы болуп митингге чыккан эл тарап кетти. Бул тууралуу митингдин катышуучусу билдирди.
"Президент Талас элинин дарегине карата айткан сөздөрү үчүн 3-ноябрга чейин кечирим сурабаса, биз кайра 3-ноябрда топтолобуз деп чечтик", - дейт митингдин катышуучусу.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылып, Талас шаарынын борбордук аянтына миңдей киши митингге чыккандыгы маалымдалган.