Сауд арабиялык аялдарга 2018-жылдан баштап спорттук иш-чараларга барууга уруксат берилет

Сауд арабиялык аялдарга 2018-жылдан баштап спорттук иш-чараларга барууга уруксат берилет. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Сауд Арабиянын Спорт министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аялдар Эр-Рияд, Жидда, Даммам шаарларындагы стадиондорго барып, спорттук оюндарды көрсө болот. Мыйзамдагы өзгөрүүлөр 2018-жылдын башынан тарта күчүнө кирет. Падышалыктын мыйзамдарына ылайык, аялдар өз алдынча саякаттоого, көчөдө басууга жана жумушка барууга укугу жок.

Ушул жылдын сентябрь айынын аягында Сауд Арабиянын падышасы Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд аялдарга айдоочулук күбөлүгүн алууга укук берген токтом кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан