Эльвира Сариева анын маданият, маалымат жана туризм министри болору же болбой турганы боюнча жооп берди. "Менин маданият министри боло турганым чын эмес", - деди ал.
Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Эльвира Сариева келиши мүмкүн деген божомолдор айтылган.
Эльвира Сариева учурда президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштейт. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.