Баткенде күйөөсүнүн кордугуна чыдабаган 20 жаштагы келин уксус ичип ооруканадан каза болду

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кадамжай шаарында күйөөсүнөн кордук көргөн 20 жаштагы келин уксус ичип ооруканадан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, окуя 27-октябрда саат 15:00 чамасында болгон.

"Кадамжай шаарынын 31 жаштагы Н.С. аттуу тургуну өзүнүн 20 жаштагы аялын үйүндө өз ара пикир келишпестиктен улам уруп, ар кандай жаман сөздөрдү айткан. Кийин аялы уксус ичип ууланып, Кадамжай аймактык ооруканасына түшүп дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Бул факты боюнча 102-берене менен (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Күйөөсү кырсык болгон күнү эле кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
asylbekova
2017-10-30 18:24:33
XXXX жапжаш кызды алдап соолап аял кылып алса болмок. Ортодо бала жок болгон болсо экен ылайым. Озун озу олтуруу чон куноо. Куноолорун кечире корунуз Кудайым.
+10
Nuraruu5
2017-10-30 18:42:53
Азаптуу гана АЯЛЗАТЫ-сабыр !!! Эркектерге да акыл кирип калаар, азыркы коомдо алар өтө алсыз, ал эми алсыз эркек аялга,жаш наристелерге,деги эле алы жеткенин гана кордойт. Ал эми ЭРКЕК деген колдойт,коргойт!!!
+15
kychan.98
2017-10-30 19:04:39
Азыркы заманда кыздардын баары эле стресс болуп калышты катын алып жашаш кыйын болуп калды
-20
toma95
2017-10-30 20:28:50
kychan.98,катын алгандан корксон ХХХХ.Чубак ажы айткандай бир катынды эптей албаптырда.
+10
admin_superstan
2017-10-31 09:46:40
toma95, этика нормаларын сактаңыз.
-1
JaneEr
2017-10-31 00:23:33
kychan.98,Катынды сен стресс кылбасан жакшы эле а так...
+5
toma95
2017-10-30 19:27:56
Ай шордуу кыз ай.Кудайым кечиримдуу мээримдуу, кылган куноолорун кечирсе экен.Адамдын куноосу тоодой болсо жараткан Аллахтын пейили асмандан дагы кенен.Жайы жанната болсун.
+8
Medina87
2017-10-30 19:55:43
31 жаштагы эркектин акылы эртелеп азган экен. Озунон 11 жаш кичуу болгон сон келинчегин урбай-сокпой эркелетип бир келген омурдо бактылуу жашаса болмок!!
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
Эээхх...
+10
toktogul0322
2017-10-30 20:24:29
Ай эркектер,эркектер.
+7
toma95
2017-10-31 00:31:14
toktogul0322,качаан эсинерге келесинер дениз
+4
Batma08
2017-10-30 20:28:11
Чоон болсо кадырына жетет деп ойлогондор окуса экен чон деп эле зордоп берип коюшат кээбирлери
+6
Salman1993a
2017-11-01 03:06:31
Batma08, биз жолдошум экообуздун жаш айырмабыз 13 баары жакшы Аллахка чексиз шугур! Адам аласы ичинде, Малдын аласы сыртында дегендей бироонун ичиндегисин бироо билбейт ар кандай адамдар бар бирок.
0
Kanubek87
2017-10-30 20:28:13
Короодогу иттин ичи ооруп калсада эркектер виноват болуп калдыбы тооба
-27
datkayimjan
2017-10-30 21:16:49
Kanubek87, галдирап коюпсун го
+17
Bek_abad
2017-10-31 01:42:18
Катту жаза бергиле! Эл козунчо жазаласанар жакшы болот эле кимдир бироого сабак болот...
+3
Gena1
2017-10-31 09:49:06
Эки эгиз баласы бар экен дейт го. Сабыр берсин жакындарына
+1
nurhan2702
2017-10-31 10:12:39
Турмодо ХХХХ! Аялды кордосон тозокто кор болосун
+2
Elzar4ik
2017-10-31 10:36:05
Окунучтуу албетте, жаткан жери жайлуу болсун! Жап жаш болгон экен, ата-энеси турмушка узатканда, жакшылап караса болмок экен, кимге узатып жатабыз деп!
+2
nelli
2017-10-31 19:20:32
Кайнежеси менен куйоосу чогуу сабашып, эсинен кеткенде олду деп коркуп кетишип оозуна уксус куйуп жиберишкен. Келин больницада каза болду деп жатышат эми кудай билет да чындыкты...
+2
aliya150715
2017-10-31 19:31:16
вай тообооо кайнежесиге не бар
+1
Mederbek1992
2017-11-01 04:23:33
Азыркы кыздар турмушка чыкаанда кичине ойлонгулачы! Болбогон соз учун уксуз ичишсе анда кыздарды даже сен эмес сиз дей турган заман келгенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан