Президент Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 31-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-сентябрда кабыл алынган. 11-майда Никосия шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда аталган шаарды таза суу менен камсыз кылуу жана канализация системин реабилитациялоо боюнча насыялык жана гранттык макулдашууга кол коюлган. Парламентте бул мыйзам каралып жатканда 8 миллион 500 миң евро жана 2 миллион 75 миң доллар бериле турганы белгилүү болгон. Каражатты төлөө мөөнөтү 15 жылга белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Turadi
2017-11-01 09:25:21
Кыска убакыттагы эмгек оргуусу бутуп калды беле?
+2
BekAmir
2017-11-01 12:25:40
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан