Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте үч унаа кагышып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, таңкы саат 04:15 чамасында Манас кең көчөсү менен Новая көчөсүнүн кесилишинде 2 Тойота Камри жана Хонда Фит кагылышкан. Тойота Камри катуу ылдамдыкта баратып алдындагы Хонда Фит унаасынын артынан сүзүп, андан кийин каршылаш тилкеде келаткан Тойота Камри унаасын сүзгөн. Натыйжада сүзгөн унаадагы 3 адам жана аны менен сүзүшкөн унаадан 2 адам каза болду", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Сүзгөн унаа ичиндеги адамдары менен кошо толук күйүп кеткени белгилүү болду.