Вьетнамды каптаган "Дамри" бороону 27 адамдын өмүрүн алса, дагы 30га жакын адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Бороон өлкөнүн кумдуу жээктерине 4-ноябрда жакындап келген. Табият кырсыгынан өлкөнүн түштүк жана борбордук бөлүгү катуу жабыркады. Жергиликтүү бийлик басылмаларга кабарлагандай, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен. Тайфундун кесепетинен 40ка жакын турак жай, имараттар кыйрап, 30 миңдей адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Кырсыктын кесепеттерин жоюунун үстүнөн иштеген кызмат өзгөчө кыйроого кабылган аймак Нячанг шаары экенин белгиледи. Аталган шаарды кырсыктан кийин тазалоо иштерине аскер техникалары тартылганы белгилүү болду. Ошондой эле Нячанг шаарына 500 чакырым жакындыктагы Дананг шаары да кыйроолорго учураганы кабарланууда.
"Дамри" бороону ушул жылы Вьетнамда катталган тайфундардын он экинчиси. Эске сала кетсек, аталган өлкөдө 11-бороон октябрь айында катталып, анда 50дөн ашык адам каза болгон.