"Ата Мекен": "Аида Салянованын инисин атайын даярдалган адамдар өлтүргөн"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисинин өлтүрүлүшү боюнча 6-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы билдирүү жасады.

“Ата Мекен” Улан Саляновдун өлтүрүлүшү саясий өңүттөн, эжеси Аида Салянованын саясий көз карашына жана буга чейинки иш-аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирде. Муну бир катар фактылар тастыктап турганы айтылат билдирүүдө.

"Улан Салянов эч качан саясат менен алектенип, эжесинин саясий көз карашы жана позициясы менен бөлүшкөн эмес. Аида Салянованын жалгыз иниси бизнестин өкүлү эмес, андыктан кандайдыр бир акча кызыкчылыгы болгон деген терең жаңылыштык. Улан Салянов үй-бүлөсүнүн камкор башчысы катары Көк-Жар конушундагы курулушу бүтө элек чакан үйдө эки уулун тарбиялап келген.

Биринчиден, анын жогорудагы үйү менен майга үнөмдүү автоунаасынан башка менчиги жок. Экинчиден, орто турмушу бар бирөөнүн үйүнө куралдуу кол салуу тууралуу айтууга болобу? Андайды көздөгөндөр курулушу бүтө элек, дарбазасы жок дубалды көргөндө эле үйдө кимдер жашаарын дароо билмек. Үчүнчүдөн, 2017-жылдын 5-ноябрынан 6-ноябрына оогон түнү болгон куралдуу кол салууну өз ишин билген, атайын даярдалган адамдар жасаган.

Мындай иш бир гана максатты – Аида Салянованын бир тууган, жалгыз инисин өлтүрүүнү көздөгөн деп ойлойбуз.

Муну кылмышкерлердин үйгө беткапчан жана аскерий камуфляж кийип кирип келгени далилдеп турат. Алар баалуу буюм-тайымга тийишкен эмес. Үйдүн ичин тинтип, бир нерсе издешкен эмес.

Төртүнчүдөн, Аида Салянова Кыргыз Республикасынын баш прокурору болуп турганда анын өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар бир нече ирет болгон. 2014-жылдын 18-сентябрында Мамлекеттик резиденцияны кайтарган Улуттук гвардиянын жоокерине кол салгандар Аида Салянованын кайсы үйдө жашаарын көрсөт деп талап кылышкан. Бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдары ал окуя боюнча эч кандай реакция жасабаганын белгилей кетүү керек.

Оппозициялык маанайдагы депутат Аида Салянова укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү жалган жерден токуган кылмыш иши боюнча беш жыл эркинен ажыратылгандан кийин чүнчүп же өз позициясын өзгөрткөн жок.

Тилекке каршы, Кыргызстандын саясий айдыңында саясий оппоненттерди коркутуу тажрыйбасы кайталанып жатат. Медет Садыркулов өлтүрүлгөндө бакиевдик режимдин коомчулукка жана медиа каражаттарына жол кырсыгы болду деп «таңуулаганы» буга айкын мисал.

2010-жылдын Апрель окуяларынан кийин бул атайылап өлтүрүү болгону ачыкка чыкканы менен, ага буйрук бергендер жана аткаргандар эмдигиче эркиндикте жүрүшөт.

Ачык оппозиция менен саясий оппоненттердин айрымдарын жок кылуу коркунучу бүгүн да өкүм сүрүүдө. Бул жаатта партиянын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов кармалган шарттарды айта кетсек болот. Ушул тапта Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун өмүрүнө, саламаттыгына чындап коркунуч бар деп айтууга толук негиз бар. Алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча алар дагы уюшкан кылмыштуу топтун колу менен жок кылынышы мүмкүн. Андыктан “Ата Мекен” саясий партиясы жана парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул кылмыштын бети толук ачылып, кандайдыр бир коркунуч жоюлмайынча Аида Салянованын жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоону, ошондой эле түзөтүү колониясында Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун өмүрү менен саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Чүй ОИИББи маркум Улан Салянов автоунаа оңдогон жайда иштегенин белгилеп, "анын өлүмүн саясат менен байланыштырбай турганын" билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан