"Манас" аэропортуна баруучу жолдогу кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (фото)

"Манас" аэропортуна баруучу жолдогу кырсык 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында Бишкектен "Манас" аэропортуна баруучу жолдо болгон. Анда айдоочу БМВ үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 1992-жылы туулган А.Б., 1992-жылы туулган Б.М., 1989-жылы туулган Ч.Ж., 1986-жылы туулган К.О. кырсык болгон жерден каза болушкан. Ал эми 1992-жылы туулган М.Ю. Бишкектеги №1-шаардык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
molorbaev
2017-11-07 08:59:52
Тооба кылдым. Кун сайын кырсык. Мурунку куну Бишкекте 5 адам, андан сон Таш-Комурдо 10 адам, эми аэропорт жолунда 4 адам... Кырылып калмай болдук го. Эмне айла кылабыз?
+7
portugalia
2017-11-07 09:01:47
Жаратканым сактай кор кыргызымды!
+4
tatynam_88
2017-11-07 09:02:18
Келечектеги президенттин жол коопсуздугу боюнча платформасы бар беле.шайлабайм деген адам келди бийлмкке
+2
bakulya2015
2017-11-07 09:09:17
Оо кудайым мекендештерибиз кырылып жататго. Жаткан жери жайлуу болсун. Азыркы бийлик эмне кылып жатасынар а тартипти карабайсынарбыыыыыыы... туура бул кырсык бирок тартиптинда жардамы тийээр жакшы иштешсе.
+2
evra_kg
2017-11-07 09:30:56
Алты миллион дегендер дагы эсеп китеп кылып коргулочу кайра эле беш миллионго тушуп калдыкпы дейм
+9
aerforce
2017-11-07 09:37:50
эх эмне болуп баратат Аллахым озун сактачы Аша озу чоон туло откозбосо болбой калды кече ошол маалда мендагы аэропортон келгем гаилерге карабай катуу айдашат таянар бироосу барда ата энелер балдарынарга катуу айткылачы акырын айда деп кече угуп туруп катуу айдашат кечеку аварияны угушкан болсо керек эле ошол балдар деле жап жаш балдар экен Аллахым бейишин берсин туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам дегеле бугун аза кутуу куну болсо болмок эки уч кундо канчалаган жаш балдар коз жумду ок
+1
gulzat85
2017-11-07 09:39:50
Жаштар экен катуу ылдамдыкта бара жатышса керек.((
+4
mr.sher
2017-11-07 09:58:08
1. Праваны толук окуп бутмойунчо бербеш керек.
2. Жолдорго толук камера коюш керек.
3. ПМ дин жоопкерчилигин кучотуу керек.
4. Техникалык кароону да кучотуу керек.
5. Он рулдуу автотранспорт менен такси кызматына тыюу салуу керек.
6. Оор жук ташуучу автотраспорт айдоочуларын тыкыр текшерууго алуу керек.
7. Такси жана маршруттук такси айдоочуларын медициналык кароо откорбой жолго чыгарууга тыюу салыш керек.
8. Жол белгилерин жана жарыктандыргычтарды толук
+10
tram-lam
2017-11-08 16:57:05
mr.sher,
9. Жолдогу ямаларды жок кылуу керек. Ямадан качам деп кырсыка кабылгандар толтура.
0
aytkulova
2017-11-07 10:21:30
Күндө жол кырсыгы, авария. Эхх((.
0
evra_kg
2017-11-07 10:27:20
Праваны сатып алса анан кийин Россия туура эле кылат
+1
nuriyaeljan
2017-11-07 10:36:16
Аябай каттуу болуптур эле мотору каробкасы балондору башка жактарда жатат. Скорийда 1.5 саатта келиптир
0
kanybek1986
2017-11-07 14:20:13
Он рулбу экен бул да
0
ZHYRGAl1412
2017-11-07 14:56:09
Видеосу журот ото катуу айдап отуп кеткен экен
0
Nazaralikarakulja
2017-11-07 19:09:16
Шашкан шайтандын иши туугандар секиин эле айдагылачы Аллах ОЗУ сактасын Кыргыз бир туугандарды бейишин берсин Аллах
+1
jbolotov
2017-11-08 00:32:05
Уч адамдан ашкан кырсыкты Минтранс карайт, ошолор жоопкер по закону. Бирок кундо чон кырсыктар болуп атат. Эмне учун ПМ начальниги Минтранс министири кызматынан кетбей атат? Уялышбаса закон боюнча кетиш керек эле? Супер инфо ушуларды элге жайгылада, кенен жайчу эленерго сырларды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан