Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын кылмышкерлер өз үйүнөн атып кеткен иниси Улан Саляновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында атасынын үйүндө өтүүдө.
Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.