Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүүдө. Учурда жалпысынан 100гө жакын адам катышууда. Алар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сакта!" деп кыйкырып жатышат.
Анын жүрүшүндө митингдин 2 катышуучусу Ак Үйгө кирип чыгып, айрым депутаттар президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушканын айтып беришти. Алардын бири Рита Карасартова мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоору бул аптада парламентте каралбай турганын билдирди. Анын айтымында, келе жаткан жума күнү өкмөттүн демилгеси менен Бишкекте мөңгүлөр маселесине арналган тегерек стол өтмөкчү. Буга байланыштуу ал жумушчу топ түзүү керектигин баса белгиледи.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык комитети мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырган.