Талас облусунун тургундарынын курултайы эртең, 9-ноябрда Бишкекте болбой турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.
Алардын айтымында, курултай 18-ноябрда Таласта "Манас Ордо" комплексинде өтөт. Анда "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланмакчы жана катышуучулар президенттен кечирим сурашын талап кылышмакчы.
Айта кетсек, буга чейин 3-ноябрда Таласта митингге чыккан эл 9-ноябрда жалпы өлкө боюнча элдик курултай өткөрүү чечими менен тараган. Анда митингчилер "президент кечирим сурасын" деген талап коюшкан, Алмазбек Атамбаев болсо өзүнүн аппарат башчысы аркылуу кечирим сурабастыгын билдирген.