Жалал-Абад шаарында үлпөт тойдо тартип бузганы үчүн 13 жаран кармалды.
Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубековдун билдиришинче, окуя 8-ноябрда катталган. Үлпөт тойдо автоунаалары менен жол кыймылына тоскоолдук жаратып, сөгүнүп, коомдук тартипти бузган жаштарга Патрулдук милициянын кызматкерлери барып эскертүү берүүгө аракет кылышкан. Бирок мас абалындагы жигиттер баш ийбей, милициянын кызматтык унаасынын алдынкы бөлүгүн жана бир күзгүсүн талкалап салышкан. Мындан кийин милиция кызматкерлери асманга ок атып эскертүү беришкени айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши ачылды. Кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 25-29 жаштардагы 13 жараны кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын айрымдары административдик тартипте жоопко тартылышса, калгандары убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.