Парламентте жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 9-ноябрда парламентте жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча, жаңы салынган жолдун кепилдик мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат. Ал эми калыбына келтирилген жолдорго 3 жылдан кем эмес кепилдик мөөнөтүн берүү сунушталган.

Демилгечи депутат Марат Аманкулов жолдун азыркыдай 2-3 жылдык кепилдик мөөнөтү өтө кыска экенин айтты. "Орусия, Кытай, Финляндия өлкөлөрүндө кепилдик мөөнөтү 25-30 жылга чейин коюлган. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл буруп, ал ушул мөөнөт аралыгында бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш. Жол куруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан