Өлкөдө Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда жол кырсыктарынын көбөйүүсү боюнча өткөрүлгөн Өкмөтүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында Патрулдук милиция башкармалыгынын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы түзүлөт жана кызматкерлери көбөйтүлөт. Бул маалыматтын жашыруун экенин айтып, кызматкерлердин саны канчага чейин көбөйтүлөрүн белгилеген жок.
Андан сырткары, Ички иштер министри Улан Исраиловго ички түзүмдү түзүүнү көзөмөлдөөнү тапшырып, сынак менен мыктыларын тандап алуу керектигин айтты.