Сокулукта курулуш плитасы үйдүн үстүнө кулап, бир аял каза болду

Сокулук районунун Новопавловка айылында чоң бетон курулуш плитасы ичинде 5 адам бар үйдүн үстүнө кулап, 1 аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндөгү 28-үйгө авто кран плита коюп жатып тросс үзүлүп кетип, коңшу жайгашкан №30-турак үйдүн үстүнө плита түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (1 эркек, 3 аял, 1 жаш кыз) жабыркап, 1 аял каза болгон. Жабыркаган 4 адам туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген", - деп билдирди аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gute
2017-11-11 14:16:34
Бизде коопсуздук эрежелери сакталбайт. Ошол куруп аткан фирмаларга штраф салыш керек 1 млн сомго чейин. Канчалаган адамдардын убалына калып жатат.
+12
Anikin83
2017-11-11 20:17:32
gute,кырсык каш кабактын ортосунда туугандар,куно троссто эмес,бетондо кургай элек бетонду сатышкан. Бей куноо адамдар жуорот ал жакта. Келиндин жайы жаннатта болсун, туугандарына кайрат айтам
+3
nursultanbek
2017-11-11 14:30:52
Кудай сактай кор деги эмне эле болуп атат кырылып бутмой болдукго!!!!!!!!!!!!!!!!!!! Бийлик каякты карап олтурат бири биринден бийликти талашканынарды токтотуп элге кам корсонор боло!!!!!!!! Тажаттынар!!!!!
+3
Benazir08
2017-11-11 14:45:52
Бир аял каза болсо анда ошо уйдун апасы каза болуптур да. Олунгоройундор. Эми апасыз калышыптыр кайра ал уйду толоп берсе керилип башка биро келип жайгашып калаткен да балдарына ле кыйын болду анда. Ким билди дейсин бир жакшынп жашап аткан уйбуло бузулуптур
+4
Nanei
2017-11-11 21:29:27
Benazir08,апасы эмес экен . жаны эле келин алган экен. Ошол келин чай куюп Берип отурган экен.
+1
Nurdonali
2017-11-11 16:08:33
Сокенин бийликке келиши Атамбаевдин кетиши Кыргыз калкыма оор тушту бийлик талашып элден кабар алган эч ким жок калп эле буткондон кийин президенттин атынан деп болбогон акча болуп жакшы корунуп атышат ошолорду болдурбай алдын алса болотго Кыргыз кырылмай болдуго оз мекенинде
+1
dinikyz
2017-11-11 16:17:04
Кыргыз элим мынча эле бийлике асылдынар бул бетон плита мн бийликтин кандай тийешеси бар алар иштешпейт жеп атат дейсинер келгиле биз озубуздун пейилибизди ондойлуда анан бийликтегилерге асылалы. Эмне бийликтегилер келип оозубузга нан чайнап берсинби эми. Уйунордо ит олуп калса да бийликти куноолоп отура беребизби ошондо. Каза болгон аялдын жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабр берсин кудайым.
+6
Nurdonali
2017-11-11 17:33:34
dinikyz,Ошол фирмага лицензия берип атканда коопсуздук жагын текшерген эмес мамлекет ал фирманы териштирип келсе бир атка минердики болуп чыгат курулуштун жанында эл жашайт экен ошону да ойлонуш керек эле жана техникаларын техникалык кароодон откоруу керек
-1
jbolotov
2017-11-11 19:05:48
dinikyz,закон катуу болсо ошол кранды иштеткендер коопсуздук эрежелерин сактамакта, мына ушул жерде байланыш.
+2
aman0296
2017-11-11 22:41:02
Кантип уйдун устуно кулады. Тушунбой жатам
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан