Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, бүгүн, 14-ноябрдан 22-ноябрга чейин жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн унаа жолдун 400-401-чакырымдарында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Мындан улам эртең мененки саат 09:00дөн тартып кечки 16:00гө чейин жол мезгил-мезгили менен жабылып турат.