Ош шаарындагы Амир-Темур кичи районундагы бала бакчанын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, кечээ, 14-ноябрда саат 22:00 чамасында жергиликтүү тургундар жаш балдардын кийимине оролуп, көчөгө ташталган баланы көрүшкөн.
"Тургундар милицияга кабар беришкенден кийин ымыркай ташталган жерге кызматкерлер барышып, баланын жаңы эле төрөлгөнүн аныкташкан. Андан соң ымыркайды Ош шаардык төрөт үйүнө жеткиришти. Салмагы 3 килограмм 270 грамм болгон кыздын абалы учурда туруктуу. Ал эми кыздын энесин табуу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө", - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.