Ата-эненин кайдыгерлиги, жоопсуз сүйүү өспүрүмдү өлүмгө түртөт

Дагы бир өспүрүм теңтушун сабап коюп өз жанын кыйды

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандардын саны өсүүдө. Мындай факты ушул жылдын 14-ноябрь күнү да Чүйдүн Москва районунда катталганын Сокулук РИИБи билдирди. Маалыматтарга караганда, Сокулук районунун Асыл-Баш айылында жашаган эки окуучу уруша кетип бири ооруканага барып жаткан. Алар ушул эле айылдагы Бейшенаалы атындагы мектептин 9-классында окушчу. Экөөнүн урушун ата-энелери мугалимдер менен бирге талкууламакчы болуп, бирок сабап койгон бала ата-энесинин жемесине кабылган. Буга чыдабай ал мал сарайга барып асынып алган. Учурда милиция окуяны териштирүү үстүндө иштеп жатат.

Жоопсуз сүйүү да суицидге түрткү берет

Ушул жылдын 10 айында эле 83 мектеп окуучусу өз өмүрүнө кол салган. Ички иштер министрлигинин алдындагы Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү Рашид Карабаевдин айтымында, 83түн 68и мектепте, 9у колледжде окугандар болсо, 5 бала мектепте окубагандар. Анын ичинен 58и эркек балдар, 28и кыздар. 1 факты боюнча кылмыш иши ачылып, иш тергөөдө.

"56 бала ата-энеси же туугандары менен чатакташып жанын кыйса, 7 бала оорулуу болгондуктан ушундай кадамга барган. 12 факты жоопсуз сүйүү үчүн, 3 факты окуудагы кыйынчылыктар үчүн болгон. Ал эми 2016-жылы жанын кыйган 95 факты катталган. Анын ичинен 56 факты эркек балдар арасында, 39 факты кыздар арасында болгон. 49у ата-энеси менен чатакташкандан улам жанын кыйган болсо, төртөө оорулуу болгондуктан, 22 факты жоопсуз сүйүү үчүн болгон. Өз өмүрүн кыйгандардын ичинен бешөө апасы менен жашаса, 9у ата-энеси жоктор. 95 фактынын 6 факты аныкталбай калган", - деди Карабаев.

Ал белгилегендей, мектептеги тобокелчиликке барууларды, алардын алдын алуу иштери Бишкек жана Ош шаарларында гана такай сакталат. "Аталган эки шаардагы ар бир мектепте бирден милиция кызматкери бар. Калган аймактардагы мектептерде жок. Буга милиция кызматкерлеринин жетишсиздиги себеп. Бирок ар дайым аймактык милиция кызматкерлери окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат", - дейт тескөөчү.

ИИМ өспүрүмдөр арасында өлүмдү токтоткусу келет

Учурда Ички иштер министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге облус аймактарында өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусуна, жол кырсыктарынан алыс болуусуна жана терроризм, экстремизмге баруусуна бөгөт коюу максатында өлкө аймагында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. 15-ноябрда Чүй ОИИББинин башчысы Канат Жумагазиев башында турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери Сокулук районундагы билим берүү бөлүмү менен бирге райондогу 47 мектептин окуучулары менен жолугушту. Алгач балдардын суицидден алыс болуусуна жеткиликтүү болуусу үчүн Кыргыз драма театрынын Театралдык окуу жайынын студенттеринин "Бүтүрүүсү" спектакли тартууланды.

Спектаклдин сценарийинде ата-энеси чет мамлекетке иш издеп кетип агасынын колунда жашап мектепти бүтүү алдыда турган окуучунун суицидге баруусуна түрткү болгон факторлордун бири камтылган. Анда каарман классташтарынын кемсинтүүсүнөн улам мектепти бүтүрүү кечесине алардан кем калышпай, алар чогулткан акчаны берип, жакшы кийинүү үчүн акча таппай түйшүккө батат. Бирок агасынан, алыста жүргөн ата-энесинен да акча ала албай уурулукка барат. Натыйжада бул аракети үчүн агасынан токмок жеп, ызасына чыдабай өз жанын кыюуну чечет. Бирок башкалардын жардамы менен аман калгандан кийин катачылыгын түшүнөт. Спектаклдин максаты жолугушууга келген окуучуларды суицидге барбоого чакырык болду.

Атайын даярдалган спектаклден кийин окуучулардын өз көйгөйлөрүн айтууга, ага жооп алуусуна орун берилди. Көпчүлүгү мектептердеги майрамдар үчүн, мектеп фонду үчүн акча чогултуулар жана окуучулардын кийим кийип келүүсүндөгү айырмачылык сабак окууга тоскоолдук жарата тургандыгын, айрымдары мындай абалда депрессияга туш болгондуктарын жашырбай айтып беришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Камчыбек Темирбеков бүтүрүү кечесине акча чогултууларга ата-энелердин өздөрүн күнөөлөдү. "Бүтүрүү кечесиндеги акча чогултууларды ата-энелер өздөрү ойлоп табышат. "Менин балам 11-классты бүтүп жатат же элден кемби?" деп ар кандай акча чогултууларды башташат. Андан кийин мугалимдер күнү, 8-март, туулган күндөргө чогултулат. Буга чекит коюш керек. Балдар өз жанын кыйбашы керек. Балдар өлсө ата-энесине, бир туугандарына кыйын болот. Силер биздин келечегибизсиңер", - деди Темирбеков.

Чүй ОИИББинин башчысы Канат Жумагазиев окуучуларга көйгөй жаралганда, депрессияга кабылганда аны чечүүнүн жолун жан кыюудан издебөөнү эскертти. Ар дайым ата-энесине, мугалимдерге же укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин белгиледи.

"Суицидге түрткү бири-бирин кемсинтүүдөн, уруш угуудан, физикалык алсыздыктан, өзүң каалап жаткан нерсеге жетпей калгандан жана башка ушундай себептерден башталышы мүмкүн. Жашоодо чечилбей калчу көйгөй жок. Кыйынчылыкка кабылганда дароо чечим кабыл албагыла, убакыттын өтүшүн күткүлө. Бул кымбат кийим, телефон жөн гана буюм, бүгүн бар, эртең жок. Силер эртең жогорку окуу жайда окуйсуңар, жакшы жерде иштейсиңер. Ошондуктан кыска ойлуулук кылбай көйгөйдү чечүү үчүн тартынбай ата-энелериңерге, мугалимдерге, милицияга кайрылгыла. Бардык көйгөй чечилет", - деп кеңеш берди Жумагазиев.

Акча эмес, бала кымбат

Өспүрүмдөрдү депрессиядан чыгаруунун жолу көп, бирок ата-энеси кайдыгер карабай, баласына маани берүүсү негизги жол. Республикалык психология боюнча түз байланыш борборунун психологу Алтынай Ибраимова өспүрүмдөрдүн депрессияга кабылып суицидге баруусуна, ошол эле учурда андан кайтууга ата-эненин жардамы керек деп эсептейт.

"Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюуга барып жатканына себеп көп. Мисалы, үйдө, мектепте түшүнбөстүк чыгат, зордук-зомбулукка же кемсинтүүгө кабылат. Назик бала болсо мындайды көтөрө албай калышы мүмкүн. Ата-энесине айтайын десе, балким, ата-энеси да түшүнбөйт. Анан эмне кыларын билбей өзүнүн жанын кыюуга баруусу ыктымал. Ушундай учурларда бала кандай абалда жүргөнү дароо билинет. Сырттан караганда ал эч ким менен сүйлөшпөйт, маанайы жок жүрөт. Ошол учурда баланы жалгыз калтырбай өзү менен сүйлөшүү керек. Психологдун жардамы керек жана ата-эне өзү аны сүйлөшүүгө тартса баланын маанайы дароо өзгөрөт. Чет өлкөгө иштеп кетип баланы башка бирөөнүн колуна таштап кеткен учурлар көп. Мындай шартта бала көчөдө көп жүрүп калышы мүмкүн. Көчөдөн алган терс таасири депрессияга алып келет", - деди психолог.

Ибраимова белгилегендей, Республикалык психология боюнча түз байланыш борбору 24 саат иштеп, күнүнө бир нече чалууларды кабыл алат. Ар бир сүйлөшүү жашыруун сакталып, эч кайда таратылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bars_wire
2017-11-16 15:26:01
Номерин да жазып койбопсунар.бул теманы окуган башка окуучуларга керектир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан