2017-жылдын 16-январындагы Боинг авиакырсыгынын кесепеттерин жоюуга коротулган 30,5 миллион сом Түркия тараптан келген компенсациянын эсебинен мамлекеттик мекемелерге кайтарылат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында билдирди.
"20 миллион 472 миң сом Саламаттыкты сактоо министрлигине, 9 миллион 432 миң сом Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, 284 миң сом Ички иштер министрлигине, Транспорт жана жол министрлигине 293 миң сом кайтарылат. Ошондой эле Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 100 миң сом кайра төлөнүп берилет", - деди Касымалиев.
Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына түркиялык Боинг-747 учагы кыйрап, 39 адам каза болгон.