Бүгүн, 16-ноябрда Ак Үйдүн алдына жарандык активисттер митингге чыгышты.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдиргендей, алар "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы.
"Өткөн жумада Ак Үйдүн алдына митинг уюштуруп Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыкканбыз. Андан кийин өкмөттүн өкүлдөрүнүн, депутаттардын, жарандык коомдун катышуусунда тегерек стол өткөн. Бирок аягы ызы-чуу менен бүттү. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин сунушу менен "Кумтөргө" барып жеринен таанышып келдик. Абал чындыгында оор экен. 20 жыл "Кумтөр" компаниясы иштеп, Давыдов мөңгүсүнүн 70-80 пайызын жок кылып коюшуптур. Андан тышкары Сары-Төр деген мөңгүнү көрүп келдик. Түбүн казып, Давыдов менен Лысый мөңгүсүнүн тагдырын кайталаганы турат", - деди ал.
"Биз бул жерге өзүбүздүн оюбузду билдирели деп келсек милициянын өкүлдөрү соттун чечимин көрсөтүштү. Анда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына байланыштуу Ак Үйдүн алдына митинг өткөрүүгө тыюу салыныптыр. Бирок чечимди колубузга берген жок. Бул боюнча сотко кайрылайын деген оюбуз бар. Конституцияда жазылып тургандай, ар бир жаран өз оюн ачык айтууга, тынч митинг өткөрүүгө укуктуу", - деди Аскарбеков.
Ал чечимге карабастан митинг улана бере турганын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат.