Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө негизги күбө, “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел ага ишти иликтеген тергөөчү Бараканов кысым көрсөтүп, Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылганын айтты.
“Бул иште кылмыш жок, алар болгону Шыкмаматовду камагылары келип жатат. Бул ишти иликтеген Бараканов мени алгач күбө катары чакырып, мени Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылды. Мага тергөөчү "Силердин тендериңердин кереги да жок. Сен Шыкмаматовго каршы көрсөтмө бер. Сен күбө гана болосуң" деген. Мен көнбөй койгондон кийин мени күбөдөн айыпталуучуга айлантышты. Андан сырткары ал мени 4 саат мыйзамсыз кармады. Антип кармап отургудай мен эмне кылдым? Мен бул өлкө үчүн инвестиция жасап, жумуш ордуларын түзүп жатам”, - деди Али Люксел.
Андан сырткары ал ага карата болгон кысымдардан, мыйзамсыз аракеттерден анын карыган ата-энеси жабыр тартып ооруканага түшкөнүн, аны саясий оюндарга аралаштыруунун кереги жок экенин айтты.
"Ушул тергөөчүнүн акыйкатсыздык иш-аракеттеринин айынан 150 миллион долларлык инвестиция Кыргызга келбей калды. 400 жумушчу орун жок калды. Ата-энемдин ден соолугу чың болчу, мен ушул иштерге аралашып жүргөндөн кийин ооруп ооруканага түшүштү. Мен эле эмес, үй-бүлөм жок жерден жабыр тартып жатат. Биз эмнеге Шыкмаматов үчүн жабыр тартышыбыз керек? Мындай саясий оюндарга мени аралаштырбагыла! Мен болгону мыйзам чегинде гана жашагым келет. Бул өлкөдө мен мыйзамсыз эч кандай иш жасаган эмесмин", - деп кошумчалады Германиянын жараны Али Юксел.