Кечээ, 16-ноябрда Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында саат 17:30 чамаларында микроавтобустун жана жыгач ташып бараткан жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жергиликтүү басылмалар жазып чыккандай, кырсыктан улам 12 киши каза болуп, 6 киши жаракат алган.
"20 адамды батырган Mercedes Sprinter микроавтобусу жеке ишкерге таандык, ал Йошкар-Оладан Юрино посёлогуна бара жаткан. Жол көзөмөлдөөчү кызматкерлер Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 63-чакырымынан 65-чакырымына чейин чектөөгө алышты", - деп жазылат маалыматта.