ӨКМ: "Бишкектин Свердлов районунда турак жай күйүп жатат"

Учурда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Магадан жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында өрт тууралуу маалымат 18:35тер чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

"Учурда биздин кызматкерлер өрттү өчүрүү аракеттерин көрүп жатышат. Жабыр тарткандар барбы-жокпу азырынча белгисиз, дагы кошумча маалыматтар берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан