Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарында "Балдарга болгон зомбулукту кантип токтотууга болот?" деген аталыштагы телекөпүрө орун алды. Телекөпүрөдө Казакстан, Беларусия, Молдовия жана Кыргыз өлкөсүндөгү балдардын укугу боюнча иш алып барган укук коргоочулар өз өлкөсүндөгү балдарга болгон зордук-зомбулуктар боюнча маалымат алмашышты.
Аталган иш-чарага катышкан ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү балдар фондунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде талкууланып жаткан көйгөй биздин жергебизде да көп кездешип жаткандыгын белгиледи.
"Кыргыз өлкөсүндө 57 пайыз балдар ар түрдүү зомбулукка кабылат. Алардын көпчүлүгү туугандары, коңшулары жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакын досторунан жабыр тартышат. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да зомбулук көрсөтүү фактылары акыркы учурларда көп катталууда. Ал эми эрте никеге турган өспүрүмдөр 12 пайызды түзөт", - дейт Мунир Мамедзаде.