Толкунбек Абдыгулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Айта кетсек, Толкунбек Абдыгулов буга чейин биринчи вице-премьер-министр болгон.