Чубак Жалилов: "Экинчи аял алганым чын, байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат"

Диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айтты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына да тастыктады. Ал "Сизди экинчи аял алды деп уктук, ошол чынбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп узаткан.

"Ооба, үйлөнгөнүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат. Эми анын капа болгонго, кызганганга укугу бар. Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин.

Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам, анда ким баштап берет? Колунан келген эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт, ошолорду көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар.

Эч кимге жашырган жерим жок, ата-энесинин алдына барып, урматын алып кеттик. Анткени элибизде "калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деген сөз бар", - дейт Чубак Жалилов.

Айта кетсек, Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыздын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Учурда ал Аалымдар кеңешинин мүчөсү. Биринчи аялы экөөнүн ортосунда эки кыз, үч уулу бар.

Чубак Жалилов 2-аял алганы тууралуу түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (174)
aijan
2017-11-28 22:17:20
Аялзаты "кичине" капаланып журуп "кичине" оору арттырып алчу эле да...Эхх...
+1
Baku88
2017-11-28 22:23:16
Эркектер экинчи аял алып балдарын тирүү жетим кылып аялын ыйлата турган болсо ошолордун убалы ылайым сизди уктатпасын сизде да кыз уулунуз бар тообо келтирип чакырык таштабай айткан сөзүңүздү кайра алыныз
+2
jamilya03
2017-11-28 22:32:59
"Жан бермек бар эр бермек жок"деген сонун соз бар кыргыз элимде мен макул эмесмин бул мыйзамга
+5
vangolu
2017-11-28 22:36:13
Оозуна ээ боло албаган киши.
+1
marsala
2017-11-28 23:13:33
Бул молдокебиз кооп кетти,эркектин баарынын ойун бузуп,кысчу жерин кысып жон эле журбоду да
+3
Jyrgal_msk
2017-11-28 23:25:19
Эки аялдын тилине чыдаш озу чон эрдик!Бир аялга чыдабай жургондор канча!Азамат экенсиз!
-2
Baku88
2017-11-28 23:27:40
Молдокебиз жоопко тартылсын рас экинчи аял алып эркектерге үлгү болдубу эми камалып мыйзам алдында жооп берип дагы бир үлгү болсун
+2
nejninka
2017-11-29 00:51:31
Экинчи аял алуу бул Кудайдын алдында ойноштук болуп эсептелет.Кудай бизге бир жолу турмушка чыкканга жана бир эле жолу уйлонгонго уруксат берген.Качан уйлонсо болот аялы же куйоосу отуп кетсе башы бош болот.Бул Кудайдын бизге берген осуяты.
+3
Aijan.140297
2017-11-29 02:21:59
Кыз келиндерди кор кылбайлы дейсиз бирок биринчи аяалын конулун оорутуп журогун сыздатып омурунун акыркы минутарына чейинки жашоосун арманга айландырып экинчи аяалды жыргатса боло берет бекен эмне кыздар эрге тийгенде куйоом экинчи катын алат кундошум болот деп тиймек беле баары бактылуу болсом туболук чогуу болсом экен дейт ушундай эле жардам бергинер келе садака зекет бергиле сосуз жатып туруп багышынар керекпи
+8
kyrgyzka7
2017-11-29 13:59:10
Кечетен бери ушуга
Жиним келип олтурам,... Эркектер 2чи аялынын жанында болгондо 1-аялы канчалык кыйналганын билишеби? Ушунча тазалыгын, аруулугун ишенип ошого арнаса ал бир кун келип башына таш мн чапкандай жанылык айтса! Макул аялы ыразычылыгын берсин, бирок ал сыртынан билгизбегени мн ичинен канчалык эзилип Озун озу Жок кылганын алар сезбейт да. 2син алып ага жардам бертам деп ойлошот а бирок 1-син соолутуп жатканы мн иши Жок! Оздорун 1-аялынын ордуна коюп корсо болмок! Ушулар да эреке
+4
aliakg90
2017-11-29 14:42:08
Бир аялдын үмүтүн үзүп таштап,
Экинчисин кыялга жөлөйсүңбү?
Бир аялдын ызалуу ыйы менен,
Экинчисин бакытка бөлөйсүңбү?
Бир аялга төшөлүп килем болуп,
Экинчисин тозокко жагасыңбы?
Бир аялга жемиштүү үрөн болуп,
Экинчисин жаңгактай чагасыңбы?
+4
kofesmolokom
2017-11-29 19:41:51
Кудай сакта!!! Ишенген кожом сен болсоң... болуптурго!
+2
kofesmolokom
2017-11-29 19:47:36
Шариятта байбиченин ыраазычылыгы менен алууга болот. Бир бузулган келинди бактылуу кыламын деп, байбичесин жана бала чакасын бактысыз кылганын кандай түшүнсө болот?
+2
ALIYA.
2017-11-30 03:07:40
Аябай эле ачууланыпсынар го,силер кааласанар да каалабасанар тагдырга жазылганы болот,калп эле нерв коройт. Ким билет кимдин куйоосу таптакыр башкаларга барбайт деп,менимче жаман ишке барганча нике жакшы го,садака менен жардам берсе болот депсинер
озунор деле жакшы билесинер аялдарга куйоо да керек экенин.
0
jannia
2017-11-30 13:57:40
Эми мурдунан маңкасын тарта албагандар да, үй-бүлөсүн кыйратып бага албагандар да экинчи аял алам деп чыгышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан