Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматынан бошотулду

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев, өз каалоосу боюнча 18-октябрда кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалып, 2017-жылдын январь айында "Токио-2020" Олимпиадасына чейин кайрадан башкы машыктыруучусу кызматына шайланган.

Канатбек Бегалиевдин баштоосунда Кыргыз курама командасы "Рио-2016" Олимпиада оюндарына 4 жолдомого ээ болгон. Анда Кыргыз курама командасынын балбаны Арсен Эралиев 5-орунду ээлеген.

Эске салсак, Канатбек Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2017-11-28 21:29:41
Неге
+1
Syn4y
2017-11-28 21:58:56
futboler,жөнле
0
Dalil
2017-11-29 10:53:03
Ушул спортчуларга тийишпей эле койбодуңарда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан