2018-жылдан баштап мигранттардын укугун коргоо боюнча долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.
Анын айтымында, учурда 717 миң мигрант бар.
“Мигранттардын укугун коргоо эң негизги багыттардын бири болуп саналат. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте элчиликтер аркылуу кошумча юристтерди алуу программасы түзүлдү. Жаңы жылдан баштап мигранттардын укугун коргоо боюнча долбоорду ишке ашырабыз. Алардын укугун коргоо үчүн 2018-жылдын бюджетинен 27 миллион сом каралды”, - деди ал.
Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.