Эми өлкөдөгү бардык үй-бүлөлөр социалдык абалына карабай балдарына жөлөк пул, сүйүнчү жана көмөк акча ала алышат. Жөлөк пул, сүйүнчү жана көмөк акчалардын берилиши жөнүндө SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова түшүндүрүп берди.
Ал белгилегендей, Жогорку Кеңеш тарабынан жакында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамы 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке кирет.
"Буга чейин жөлөк пулдар жөнүндө көптөгөн нааразычылыктар айтылып келген. Үй-бүлөнүн кирешеси, малы, унаасы жана башкалар эске алынып комиссиянын чечими менен жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чектелчү. Мындан улам үй-бүлөнүн балдарын камсыздоого, үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө, балдардын ата-энеси менен чогуу өсүүсүнө салым кошуу максатында ар бир үй-бүлөгө жөлөк пул чыгарылат. Мындай жол менен энелер балдарын өтө кичинекей чагынан таштап жумушка чыкпоосунун алдын алабыз. Жергиликтүү социалдык коргоо бөлүмдөрүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер жоюлат", - деди Рысбекова.
СҮЙҮНЧҮ АКЧА ЖӨНҮНДӨ
2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 4 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилет. Ал баланын ата-энесинин канчанчы баласы экенинен көз каранды эмес, ар бир ымыркайга бериле турган акча. Бирок эгер баланын ата-энеси ымыркайды балдар үйүнө өткөрүп берүүнү чечсе сүйүнчү акча берилбейт. Сүйүнчү акча - ар бир төрөлгөн ымыркайга бир жолу берилүүчү каражат.
ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРГА БЕРИЛЕТ
Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир балага төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин ай сайын 700 сомдон (жети жүз) жөлөк пул берилет. Эми үй-бүлөнүн социалдык абалы, тапкан кирешеси текшерүүгө алынбайт. 700 сомдон жөлөк пул - ар бир 3 жашка чейинки балдарга текши берилүүчү каражат.
"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар болсо "Үй-бүлөгө көмөк" акчасын ала аласыз. Анын тиешелүү шарттары бар. "Үй-бүлөгө көмөк" акчасы көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында берилгендиктен 1-2-балдарга чыгарылбайт. 3-балаңыздан баштап 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарыңызга ай сайын 500 сомдон көмөк акча чектелет. Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон кийин токтотулат. Көмөк акча үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай, текши берилет. (Мисалы: Сиздин 5 балаңыз болсо улуу эки балаңызга көмөк акча чыгарылбайт. 3-4-5-балаңызга 3 жаштан 16 жашка чыкканга чейин ай сайын 500 сомдон көмөк акча ала аласыз).
АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган жеринен) маалым кат, өздөрүнүн паспортторунун жана балдардын күбөлүгүн алып өзү жашаган аймактын социалдык коргоо башкармалыктарына кайрылуусу керек. 10 күндүн ичинде сиз тапшырган документтер катталып, талаптарга жооп берсе кийинки айдан тартып тиешелүү жөлөк пул же көмөк ачка бериле баштайт. Акчалар банк аркылуу которулат. Эгерде банкоматтар жок аймак болсо, почта аркылуу берилет. Жаралган бардык суроолор боюнча өзүңүз жашаган аймактагы райондук, аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.
2017-жылы социалдык жөлөк пулдар, майыптуулук боюнча жөлөк пулдар, ата-энеси жок балдарга берилүүчү каражат жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдар үчүн жалпы 6 миллиард 200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми келе жаткан 2018-жылга бул үчүн 7 миллиард 900 миң сом каралган.