Өлкөдөгү 12 министрликтин 17-20 пайыз гана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев илимий-практикалык конференцияда билдирди.
"Өткөн жылы 12 министрликке мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында алардын 17-20 пайыз иш кагаздары гана мамлекеттик тилде ишке ашырылары аныкталды. Калган 80-85 пайыз иш кагаздар расмий - орус тилинде ишке ашат. "Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын" алкагында мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын 40-50 пайызга улуттук тилде жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө", - деди ал.
Аталган программанын билим берүү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу талкууланган иш-чарада кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ири программалар кабыл алынганы менен каржыланбагандыктан ишке ашпай жаткандыгы айтылды. Ошол эле учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясына кыргыз тили тууралуу баалуу маалыматтарды топтоштуруу, жазуу үчүн ири каражат бөлүнгөн.
"Мындан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 8 миллион сом бөлүнүп берилген. Бул каражат дүйнөлүк классикалык адабияттарды кыргыз тилине которуп китеп чыгарууга, кыргыз тилиндеги балдар адабиятын көбөйтүүгө жумшалат. Мындан тышкары чыгармаларды сайттарга жайгаштыруу ишке ашырылат. Мектептерде, жогорку окуу жайларда кыргыз тилиндеги китептердин жетиштүү болушун камсыздоо үчүн окуу жылынын башында кыргыз тилиндеги 80 китеп жарык көрдү. Мамлекеттик программанын талабына ылайык, 2020-жылы өлкөдөгү мамлекеттик ишканалар толук түрдө кыргыз тилине өтүшү керек", - деп кошумчалады Ишекеев.