Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Тарых музейинде жана мамлекеттик мемориалдык музей үйүндө жоголгон баалуу экспонаттар жөнүндө сөз болду. Анда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статc-катчысы Бактыбек Секимов Тарых музейинде жоголгон тарыхый баалуу экспонаттардын саны 500дөн ашуун экенин айтты.
"Бул Тарых музейинде жоголгон 503 экспонат тууралуу маалымат 2012-жылы инвентаризация учурунда белгилүү болгон. Бул боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага берилип, кийин шаардык прокуратурага өткөрүлгөн. Ал жерден Бишкек ШИИББине маалыматтар өтүп, иш козголгон. Анын ичинде 1970-2000-жылдарга чейин жоголгондору бар. Алардын арасында 358 археологиялык предметтер, 2 медаль, 2 төш белги бар. Бул боюнча Маданият маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылы маселени карап чыгып тийиштүү адамдардын баарын кызматтан бошоткон. Эң баалуу буюмдар таза алтындан турган ордендер болгон", - деди Секимов.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов экспонттардын арасында 300 граммга жакын таза алтын болгонун айтып, бул боюнча козголгон иштен ушул күнгө чейин жыйынтык чыга электигин белгиледи. Фракция жыйынында Тарых музейинде 503 баалуу экспонат, ал эми мамлекеттик мемориалдык музей үйүндө 104 экспонат жоголгону айтылды.