Жактоочу: "Милиция Чубак Жалиловду издөөдө жүрөсүң деп Ысык-Көлдөн кармап келди"

Чубак Жалиловду Бишкек шаардык милициясы издөөдө жүрөсүң деп Ысык-Көлдөн кармап келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кечээ, 3-декабрда анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

"30-ноябрда Чубак Жалилов Казакстанга дарыланганы бармак. Ал чек арага барганда сага издөө жарыяланган, өлкөдөн чыкканга болбойт, үйүңдө милициялар күтүп жатышат деп артка кайтарып жиберишиптир. Үйүнө келсе милиция кызматкерлери жок экен. Ал дарыланганы Ысык-Көлгө чыгып кетет. 1-декабрь күнү кечинде Бишкектен милиция кызматкерлери барышып, издөөдө жүрөсүң деп 5-6 унаа менен Бишкектеги үйүнө чейин узатып келишиптир. Таң атканча 4-5 милиция кызматкерлери качып кетпесин деп үйүнүн сыртынан кайтарып отурушуптур", - дейт Токталиев.

Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан. Бул маалыматты ал SUPER.KG порталына да тастыктаган болчу.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
altyw95jan
2017-12-03 23:01:59
Куйбогон жерин кул болот да
+3
ayaza
2017-12-03 23:29:18
Чубак ажы алса озу ала бербейби элди угуттобой,азыр илгерки жашоо эмес,ажырашуулар кобойуп,уй булоолор бузулуп,ортодо балдар кайгы капа тартса жакшыбы,баардык эле аял маакул болбойт"Мейли ал"деп,лучше озумчо жашаганым жакшы дейт.
+3
jbolotov
2017-12-04 00:25:18
Эки аял алган туура эмес деп биз динге озгортуу киргизе албайбыз. Кимде ким эки аял алуу туура эмес десе ыймандан чыгат, Ислам дининде шарт ушундай анткени биз билбегенди Кудай билет. Талкуулоого акыбыз жок.
+5
Salixa.
2017-12-04 00:28:34
Оппоооо, бир киши өлтүргүч киллерди кармап келгендей 5.6машина мн кармап келдик дешип. Уят, кыйратыпсыңар.
+5
Aselya_9105
2017-12-04 01:35:59
Кыйраткырлар иий. Кылаарга башка ишиңер жоктой. Андай болду баардык экиден-үчтөн аял алып жашап жүргөн аткаминерлерге да кылмыш иши козголсун...
+1
stimyl.kg
2017-12-04 01:44:52
Туура эле, мыйзам ким болсон да мыйзам,кайда эмне кылсан да мыйзам.
+1
gulmira96
2017-12-04 02:26:44
Бул дуйнодо калыстык жок болсо тиги дуйнодо бар. Жогорку кызматта отурган ичип чычарлар байлыгына чиренип эки учтон аял, беш алтыдан ойнош кутсо боло берет экен эми ошол Чубак ажыны коруп калышыптырбы. Чубак ажы алса эки аялды бапестеп багып алганга кудурети жетет, ал эми бир аялын эптей албай эки учтон баласы менен таштап кетип башка катындын устуно кирип алгандарга эмне демекчисинер. Коруп атабыз го соц сайттардан балдарын которуп суукта кочодо жургон келиндерди, кайыр сурап отурган жаш балдар
-2
love_you
2017-12-04 11:15:25
gulmira96,туура айтасыз.
-3
mira28
2017-12-04 12:27:08
gulmira96,атына карагандан жаш эле кыз экенсин .Сен куйооно 2–токол алып бересинби же озун токол болууга даярсынбы.Азыркы Кыргызстандын экономикасы менен эркектер 2катын тургай озунун 1катынды 4бала торотуп багуу кыйын болуп жататго.Аял болуп туруп кайра кайра эле жактайсында.Ансызда канчалаган наристелер эркектердин жоопкерсиздигинен кор болуп жатышат.Ойлонуп анан жаз келечегин али алдыда экен 96–жылкы болсон.Же ойнош болуп жашап ачыка чыга албай жаткандайсын.Жаш эле кыз.
+2
muslim87
2017-12-04 15:25:41
mira28,Гүлмира 96 деген өзү жаш болсода сага караганда узакты көрө билген акылы кенен кыз экен ошон үчүн жактап атат
-1
Zama.mega
2017-12-04 04:13:41
эмне дешти да билбей калдымгооо
+1
Zama.mega
2017-12-04 04:14:19
тооба
+1
Eli75
2017-12-04 08:30:58
Чубак ажыга, Кудайым күч-кубат берсин. Жашы 42 деги эркек, кудурети жетет экен ачык үйлөнүптүр. Жашырынып 2-3 ойнош менен жүргөн атка минерлер да бар го. Башта аялына болушуп, бул ишин жактырбадым. Бирок Алладан бизге келген чоң аалым, инсан аны сыйлабасак, качан сыйлайбыз. Көзү өткөндөн кийинби? Дени сак адамды да ушинтип оорукчан кыла турган болушту, ошо суракка алгандарга да Кудай бар! Унутпагыла!
+1
kechirmeni
2017-12-04 10:09:16
"Аллах сабыр кылуучулар менен бирге", "Сабыр кылуучулар жаннатта"- деген Куранда. Урматтуу Чубак ажы Аллах сиз менен! Сабыр кылыныз! Ак ийилет сынбайт!
0
elchi84
2017-12-04 10:27:18
Башка кыларга иш жок да!
0
Alina1984
2017-12-04 11:41:07
Откондо Турсунбай Бакир уулуна инстаграмдан суроо берсе канча аялыныз бар деп айтты го шариятта канча аялга уруксат десе ошончо аялым бар деп аны териштиришпейби
+1
Asyl10
2017-12-04 12:53:07
Уйлонмоктон 10 аял албайбы Чубак ажы, бирокэмнеге коомчулукка жар салып, башка эркектер да алгыла деп ундоп, коп аял алууну пропагандалайт? Сооп деп калп эле, чырактай болгон 5 баланы, ушу даражага жеткирген биринчи аялын аттап, озунон 12 жаш кичуу келинге уйлондубу,унчукпай жашай берсин, мен баштадым деп дуйного пропаганда кылбай.Андай эле сооп иш кылгысы келсе 3-4 баласы менен жесир калган аялга уйлонуп балдарын багышып сооп кыла бербейби. Биринчи аялынын каргышына калды молдоке.
0
Aipusya_t
2017-12-04 14:08:59
Алса алсын бирок бизде канча аялдар журот жесир 3 4ттон баласы бар балдары инвалид ошондой жардамга муктажын албайбы каяктагы туркиядабы каяктале 2чи аялы 1баласы бар значит анын кудурети жетет 1баланы багышка, ото оор тагдырда жашаган аялды алсада баарыбыз суйунуп калмакбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан