Литвада айдоочу болуп иштеген Н.Х. аттуу Кыргыз жараны токмоктолуп өлтүрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жаран 28-ноябрда Каунас-Клайпеда унаа жолунда жоголгон. "Кечээ, 4-декабрда Каунас аймагынын полициясынын башкы башкармалыгы Н.Х. токмоктолуп өлтүрүлгөнүн маалымдады. Учурда тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү адам бар. Кыргыздын Беларустагы элчилиги тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.