Өлкөнүн экс-муфтийи Чубак Жалилов экинчи аялын мыйзамдагы термин менен атоодон ыңгайсыз болуп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде кош аялдуулук боюнча айтылган “эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаган учур” менин жашоомдо орун албагандыктан бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим", - деп жазды Жалилов.
"Мыйзамдын тили менен айтканда, эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса же чогуу чарба жүргүзүшсө, же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да, эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет дешти. Же экинчи аялга Жарандык абалдын акттарын каттоодон (ЗАГС) нике кагазын алганда эсептелерин айтышты. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат", - дейт экс-муфтий.
Мындан тышкары ал анын жашоосунда үч аял эң зор мааниге ээ болгонун айтып, алар чоң энеси, апасы жана аялы экенин баса белгиледи.