Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы Индонезияда өткөн "Tsunami Cup-2017" мелдешин жеңип алды

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз футболчулары Индонезиянын курама командасы менен кез келип 0:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы мелдеште жеңүүчү аталды.

Беттештеги алгачкы голду 20-мүнөттө Бекжан Сагынбаев киргизди. Ал атаандашынын айып аянтчасында Элдияр Сардарбековдун чыгарып берүүсүн таамай сокку менен жыйынтыктап, эсеп санын ачты.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы аталган мелдештин алкагында 2-ирет жеңишке жетип турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлгөн. Алсак, Монголияны 3:0, Брунейди 4:0 эсебинде утуп алышкан. Жалпы мелдештин алкагында Кыргыз футболчулар 8 гол киргизип, өзүнө гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baatirbek81
2017-12-06 19:09:26
Жарайсыңар,азаматар ийгилик алып келебергиле
+2
allia
2017-12-06 19:21:13
КЫРГЫЗСТАНга оомат келе баштады...
+2
roklait
2017-12-06 19:42:51
Аа баракелде! Азия кубогуна тандап алуу турнири не болду?
0
Edward.14
2017-12-06 20:07:22
Азаматтар ийгилик!
Жеңиштин баары алдыда Азия Дүйнөнүн чемпиону болорубузга ишенем!
0
Dembele84
2017-12-06 20:23:40
Поле огород го
+1
altyw95jan
2017-12-06 21:20:11
Алга
0
urmat94
2017-12-07 00:31:00
Молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан