Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз мамлекети тоо лыжа спорту жана биатлон боюнча катышат

2018-жылы Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз мамлекети спорттун эки түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов Түштүк Кореянын Кыргыз жериндеги элчиси Жоң Бёң-ху жана консулу Ю Мёң-су менен жолугушуу учурунда айтты.

Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аманкулов жолугушууда Олимпиада оюндарына катыша турган тоо лыжасы боюнча спортчулар Швейцария менен Австрияда, биатлон боюнча Орусияда машыгуудан өтүп жатышканын айтты.

XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurka_85
2017-12-08 19:27:12
Медаль кутобуз!!!
+1
Dembele84
2017-12-08 19:58:33
nurka_85,Катышып тажрыйба топтоп гана келбесе,бул спорттордун турунон медаль эмес ондука да илешпейт 100%гарантия берем.
0
tular
2017-12-08 19:35:32
Россиянын спортсмендери да Кыргызстандын атынан чыгып калышыда мумкун. Анткени Россияны четтетип коюшпадыбы. Орустар оздоруно оздору кылыштыда.
-1
Dembele84
2017-12-08 19:55:48
tular,Неге Кыргызстандын атынан чыгат,2018 олимпидагабы?
0
KUBI
2017-12-08 22:02:02
Эки алтын эки кумуш медаль болот буйруса.
0
amin1986
2017-12-08 23:09:07
Россия ошол Олимпиадага Кыргызстандын барбашын суранган эле
-1
jbolotov
2017-12-09 15:43:19
Азаматсын Канат Аманкулов, Кыргызстандын озунун саясаты бар экенин корсотуп спортсмендерди жонотобуз деди. Ушундай мекенчил жетекчилер коп болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан