"Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилованын "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын айтып, арыз менен кайрылганы чын", - деп бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Гүлнур Жалилова аталган борборго арыз менен кайрылганын милиция кызматкерлери такташты. Мындан тышкары Гүлнур Жалилова Чубак Жалиловдун үстүнөн бүгүн милицияга да арыз менен кайрылды", - деп маалымдашты. Ал эми Жалилованын милицияга кайрылган арызында эмне тууралуу жазылганын азырынча айта алышпай турганын кошумчалашты.
Айта кетсек, буга чейин Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын жазган арызынын сүрөтү интернетке тарап, талкуу жараткан эле.