Өкмөт: "Орто-Токой суу сактагычын башкаруу толугу менен Кыргыз тарапка өтөт"

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы боюнча мыйзам долбоору каралды. Баяндама менен депутаттардын алдына айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев чыкты.

"Башкаруу Кыргыз тараптын колунда болот. Буга чейин Өзбекстан башкарып келген. Суунун пайдаланганына жараша Өзбекстан оңдоп-түзөөлөргө акча төлөп берет. Бул чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан.

Буга чейин коңшу өлкөдөн кызматкерлер, чек арачылар ай сайын келип көзөмөл, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшчү. Мындан ары камсыздоо, техникалык жактан тейлөө, башкаруу Кыргыз тарапта калат. Суунун 92 пайызын Өзбекстан, 8 пайызын Кыргыз тарап пайдаланат. Ал эми суу сактагычтын чыгымдарынын 92 пайызын Өзбекстан, 8 пайызын Кыргыз тарап төлөйт", - деди министр.

Талкуунун жыйынтыгында аталган суу сактагычты мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону комитет жыйынында депутаттар үч окуудан жактырды. Эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, эки тараптуу келишимге 6-октябрда кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nazar76
2017-12-11 13:02:41
Молодцы озубуздун жерлерди кайра алгыла Озгондогу кемпир абад суу сактагычты дагы карап козомолдоп койсонор жакшы болот эле
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-11 13:10:31
Акылсыздык 13 чакырым алыста турса да озубузго откоро албайсынарбы эгер ошол суу сактагыч озбектерде болгондо кыргызды жакын жолотмок эмес сууну сатып алмакпыз салык толошсун эмне жылда эле ремонт боло бермек беле
+3
ilya.
2017-12-11 21:02:05
Неге 92 пайызын Узбекистан колдонот 8пайыз бизге
0
Sanjaraka
2017-12-12 01:53:05
Кемпир абад туугандарга отуп кетиптир имиш ко?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан