Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Экмат Байпакбаев өкмөткө Бишкек-Ош аба каттамы үчүн билеттердин баасын 2000 сомдон ашырбоо тапшырмасын берүүнү сунуш кылды.
"Билеттин баасы төрт миң сомдон жогору болбой турганын министр мырза айтып жатат. Менин оюмча, төрт миң сомдук каттам жол маселесин чечпейт. Биз өкмөткө тапшырма берсек, каттамды 1500-2000 сомдон кылуу жолун тапсын. Анын жолу көп.
Биз ички каттамды арзандатпасак, эч качан жол кырсыктары азайбайт. Биз, депутаттар тапшырма берели, өкмөт бардык мүмкүнчүлүктөрүн тапсын. Мүмкүнчүлүк көп, 4000 сом бул жооп эмес. Аба каттамын 1500-2000 сом болсо, таксилер көп жүрбөй калат. Оң рулдуу унаалар маселеси өзү эле чечилип калат. Жарандардын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок", - деди Байпакбаев.
"Биздин өзүбүздүн учактар учпайт. Жок дегенде өзүбүздүн ички линияны иштетели. Эгер ички линияны камсыз кыла албасак, министрликтин, жарандык авиациянын эмне кереги бар? Баарын тышкы компанияларга берип бүттүк. Бизден башка бардык тышкы компаниялар учуп жатат. Ошондуктан мен үч ай ичинде түндүк-түштүк аба каттамдарын арзандатуу боюнча өкмөткө конкреттүү тапшырма берүүнү сурайм", - деп кошумчалады депутат.