“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Рада Туманбаева Бишкек шаарындагы мектептерди автобус менен камсыз кылууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте кээ бир мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен окушат.
“Балдар мектептен кечинде келишип, жол кырсыктарына кабылууда. Ошондуктан Бишкек шаарынын мэриясы бул маселеге көңүл буруусу керек. Жок дегенде үч нөөмөт менен окуган 10-12 мектепти автобус менен камсыз кылуу зарыл”, - деди депутат.