Депутат: "20-декабрдан кийин Алмазбек Атамбаев КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы болушу толук мүмкүн"

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы болушу толук мүмкүн", - деп бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин курултайы качан өтөрү азырынча белгисиз. "20-декабрдан кийин курултайды өткөрүү пландалууда. Анда партиянын төрагалык кызмат орду каралат", - деди Момбеков.

Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан